• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөдө сутка ичинде коронавирусту жуктургандардын саны 60 миңге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 570 миңден ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында айтылат.

Кечээ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 менен ооругандардын саны 510 миңге жеткендигин кабарлаган.

Ошондой эле сутка ичинде бул илдеттен көз жумгандардын саны дээрлик үч миңге жетти – 26 миңден ашык бейтап. Кечээ 23 миңден ашкандыгы айтылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, коронавирусту жуктургандардын көбү АКШда болгон – 110 миңден ашык. Бирок, бул илдеттен эң көп көз жумгандар Италияда – 10 миңден ашуун.

Пикир

Оставить комментарий