• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөдө жылына 287 миң аял кош бойлуу маалында же төрөттөн каза табат

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июль /Венера Акматова - Кабар/. Дүйнөдө жылына 287 миң аял кош бойлуулук учурунда же төрөттөн каза табат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан үй-бүлөнү пландаштырууга арналган “Коомдун жашоо шартын жана өнүгүшүн жакшыртуудагы үй-бүлөнү пландаштыруунун ролу” темасындагы пресс-кафенин алкагында белгилүү болду.

Анда “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянсынын” аткаруучу директору Галина Чиркина билдиргендей, кош бойлуулук жана төрөт учурундагы кошумча оорулар кыз-келиндердин өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. “Буга байланыштуу үй-бүлөнү пландаштыруу өмүрлөрдү сактап калат. Бардык адамдар жана үй-бүлөлүк жуптар качан жана канча балалуу болуу, алардын аралыгы тууралуу эркин жана жоопкерчиликтүү чечим чыгара алышат. Өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болушу өзгөчө коркунуч жаратат. Жыныстык жана репродуктивдик ден соолукка олуттуу мамиле жасоо керек”, - деди ал.

Үй-бүлөнү пландаштыруу бойдон алдыруулардын санын кыскартып, энелердин жана балдардын өлүмүнүн алдын алат. Ошондой эле, адамдардын качан жана канча балалуу болууну аныктоо укугун бекемдейт.

Белгилей кетсек, иш чарага үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышып, үй-бүлөнү пландаштыруу жана анын ыкмалары, аларды колдонуу, бул багытта калкка маалымат жеткирүү тууралуу талкуулашты. Демилгечилери – КР Саламаттык сактоо министрлиги жана “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс” коомдук уюму.

Пикир

Оставить комментарий