• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 23–сентябрда, Бишкек шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Иш-чарага конок катары Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Ирандын КРдагы элчиси Саид Харази катышып, өтүп жаткан фестивалдын жогорку деңгээлде уюштурулуп жаткандыгына токтолушту.

Фестивалдын башталышында маданият министри Кайрат Иманалиев менен биргеликте “Тынчтык" боз үйүнүн түндүгү көтөрүлдү.

Салтанат ата мекендик жана чет элдик эпос, олонхо, кайчы жана джангар айтуучулардын катышуусу менен коштолуп, майрамдык концерт тартууланды.

Эске салсак, фестиваль Кыргызстанда алтынчы ирет өтүп жатат. Маанилүү компоненти катары илимий-практикалык симпозиум жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп келет.

Быйыл фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Белорусь, Латвия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциядан келген илимпоздор жана өнөр адамдары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий