• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Дүйнөлүк эпос фестивалы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, илимпоздор жана өнөр адамдарынын башын бириктирди.

Үч күнгө созулган фестиваль илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди.

Салтанаттуу жабылыш аземге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, эпос фестивалынын маани–маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.

Министр өз сөзүндө дүйнөлүк эпос фестивалы чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таануусун бекемдөө, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу үчүн мыкты аянтча болуп калгандыгын белгиледи.

Салтанаттын жүрүшүндө манас айтуучулардын бир катар мууну өсүп келе жаткандыгы белгиленип, мындай багыт жана колдоо менен келечекте "Манас" эпосу менен бирге кенже эпостордун өнүгүп-өсүшүнө шарт түзүлө тургандыгы айтылды.

Иш-чаранын алкагында Улуттук “Манас” театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, театрдын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.

Эпос фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталып, 20га жакын манасчылардын аткаруусунда Манас эпосунан “Каныкейдин Тай Торуну чапканынан” үзүндү айтылды.

Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы жана жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.

Мейман катары Кыргызстандагы бир катар элчиликтер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук–маданий ишмерлер катышты.

Ошондой эле “Мыкты Семетейчи”, “Мыкты Боз үй” жана “Саркеч Көчмөн” сынактарынын жеңүүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий