• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнө кубогу: Айпери Медет кызы күрөш мелдешинде коло медаль тагынды

Спорт 0


Бишкек, 17.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күчүн сынаган. Ал мелдештин чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандык спортчу жарым финалда германиялык Алине Фоккенден 1:6 эсебинде жеңилип, коло медаль үчүн күрөшүүгө чыккан.

Коло үчүн кармашууда Медет кызы россиялык Екатерина Букинаны 11:8 эсебинде утуп алган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын утса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңишти.

Ал эми Калы Сулайманов 63 кг, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий