• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга илинген Шаршенбеков жана Царев унаалуу болушту

Спорт 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга илинген Жоламан Шаршенбеков жана Руслан Царев унаалуу болушту. Бул тууралуу Шаршенбеков Instagram соцтармагындагы баракчасына билдирүү калтырды.

Жеке ишкер Шаршенбековго Mercedes-Benz W211, ал эми Царевге Toyota Camry 50 үлгүсүндөгү унааны тапшырган.

Эскерте кетсек, 12-18-декабрда Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль уткан.

Руслан Царев болсо грек-рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси болгон.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Кыргызстандын куржунуна 8 медаль чогулган: грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңишкен.

Ал эми Калы Сулайманов, Руслан Царев (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) жана Айаал Лазарев, Исламбек Орозбеков (эркин күрөшү) коло медалды багындырышкан.

Пикир

Оставить комментарий