• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн Кыргызстанга $50 млн бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн Кыргызстанна 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеӊештин 13-декабрда өткөн жыйынында КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы "Digital CASA" – Кыргыз Республикасы" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда кабыл алынды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Долбоор 4 компоненттен турат: (1) Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; (2) Санариптик платформаларды жана «акылдуу» чечимдерди өнүктүрүү; (3) Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү; (4) Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

"Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдынала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле, бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди Шаршембиев.

Дүйнөлүк банк мурда каралган 20 млн доллардын ордуна 50 млн доллар бөлүү менен, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга артыкчылык берип жатканын билдирген депутат Умбеталы Кыдыралиев өз кесиптештерин келишимди колдоого, долбоордун тезинен ишке кирүүсүнө шарт түзүп берүүгө чакырды.

Депутат Экмат Байбакпаев долбоорду ишке ашырууга "Кыргызтелеком" сындуу мамлекеттик компанияларды да тартуу зарылдыгын айтты.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев Эсептөө палатасынын корутундусу жок экенин, ошону менен бирге, насыя менен гранттык каражаттардын жыйындысы туура эмес эсептелгенин белгилеген. Баяндамачы корутундуну экинчи окууга чейин алып келүүгө, долбоорго мамлекеттик компаниялардын да катышуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий