• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - КР” долбоорун каржылоо үчүн насыялык жана гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу Макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Андан тышкары, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду.

Тармактык комитеттин чечимине ылайык, келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий