• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөлүк банк: Казакстандын ички дүң өнүмү төмөндөп, жакырчылык көбөйүшү мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын 9-апрелде жарыяланган коронавирус пандемиясына арналган атайын баяндамасында Казакстан экономикасынын өсүүсү басаңдай тургандыгы болжолдонду.

Дүйнөлүк банк мунун башкы себеби катары тышкы базарда мунай менен өндүрүштүк товарларга болгон суроо-талаптын төмөндөшүн жана COVID-19га каршы көрүлүп жаткан чаралардан улам инвестициянын азайып жатышын атады.

«Казакстандын ички дүң өнүмүнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзгөн Нур-Султан жана Алматы шаарларынын узак убакыт карантинде болушу өлкөнүн экономикалык ишмердүүлүгүн алсыратат. Коронавирус аймактарга тарап, тышкы экономикалык чөйрө начарласа, өлкөнүн ички дүң өнүмү 2020-жылы дээрлик үч пайызга кыскарышы мүмкүн. Өз кезегинде бул жакырчылык деңгээлинин жогорулашына алып келет», — деп жазылган баяндамада.

Ошондой эле казак өкмөтүндө бюджетти тышкы карыздын же Улуттук фонддун эсебинен толтурууга «фискалдык мүмкүнчүлүк» бар экени белгиленген.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Мындан тышкары бир нече шаар белгисиз мөөнөткө карантинге жабылган. Акыркы апталарда улуттук валюта долларга карата 18% арзандады. Бийлик буга чейин экономикалык кесепеттерди азайтуу үчүн Улуттук фонддун каражатын пайдаланууга жана сырттан үч миллиард доллар карыз алууга ниеттенип жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий