• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк банк КР Эсептөө палатасы үчүн сатып алуулардын жол-жоболору боюнча тренинг өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. 21-декабрда КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Дүйнөлүк банктын сатып алуунун жол-жоболору” аттуу тренингине катышты.

Кыргызстан Дүйнөлүк банкка 1992-жылы киргенден бери банк жалпы суммасы 2,7 миллиард долларды түзгөн 148 долбоорду каржылаган.

Иш-чараны ачып жатып, КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов мамлекеттик аудиттин жогорку органы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул тренинг Борбордук аппараттын жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган. Семинардан алган билим жана тажрыйба биздин адистерге каржылык көзөмөл тармагындагы натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем», - деди Эсептөө палатасынын жетекчиси.

Тренингдин жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу жана анын Кыргызсандагы программасы, бул программанын алкагында каржыны башкаруунун тартиби жөнүндө маалымат угулду. Баяндамачылар 2022-жылга Дүйнөлүк банктын сатып алуу концепциясына сереп салып, ошондой эле товарларды, жумуштарды, консультациялык жана консультациялык эмес кызматтарды тандоо ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сатып алуулардын стандарттык документтери жана товарларга жана жумуштарга сунуштарды баалоо жөнүндө кеңири маалымат беришти.

«Биз бул семинарды Кыргызстандагы учурдагы долбоорлорубуз жөнүндө айтып берүү, ошондой эле каржыны башкаруу ыкмалары жана сатып алуу эрежелери менен бөлүшүү үчүн уюштурдук. Мындай практика Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт. Бүгүнкү тренинг Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин күнүмдүк практикасы үчүн абдан пайдалуу болоруна ишенебиз. Биз узак жана жемиштүү кызматташуу уланаарына ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча улук адиси Ирина Гончарова.

Пикир

Оставить комментарий