• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда электр энергиясына тарифтин баасын көтөрүүнү колдойт

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда электр энергиясына тарифтердин баасын көтөрүү тууралуу чечимди колдойт. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясына тарифтердин баасын көтөрүү зарыл, анткени өлкөдө чөлкөмдөгү электр энергиясына эң төмөн баа болуп саналат. Мындан тышкары, Анна Бьерде дагы бир себеп азыркы тарифтер чыгымды жаппай турганы болуп саналарын билдирди.

“Мен билгенден чыгымды жабуу төмөн. Бир гана бөлугү жабылат”,-деди ал.

Дүйнөлүк банктын вице-президенти белгилегендей, тарифтин төмөн болушу керектөөнүн жогору болушун шарттайт, ага ылайык бул электр энергиясын натыйжасыз колдонуу болуп саналат.

“Көп төлөй ала тургандар көп колдонушат. Тарифтин төмөн болушу керектөөнүн жогорулашын шарттайт”,-деди ал.

Ошондой эле, Анна Бьерде муктаждарды колдоону көздөгөн тең салмактуулукту жана электр энергиясын көп керектөөгө түрткү бербеген босого коюга оң баасын берди.

“Биз жакырчылык көбөйүшүн каалабайбыз да. Аз камсыз болгондор үчүн кирешени аныктоого жардам берүүнү сунуштадык. Биз тариф реформасын колдойбуз, анткени Кыргызстанда тарифтердин баасы эң эле төмөн. Ал эми энергетикалык тармактын туруктуулугун камсыздоо үчүн тарифтердин баасын көтөрүү зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча директору Лилия Бурунчук Кыргызстан электр энергиясын калыбына келтирүү булагы боюнча ири мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин, бирок анын өнүгүүсү үчүн тармактын абалы жакшы болушу керектигин кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө бюджетке түшө турган жана керектүү багытка жумшала турган каражат электр тармагына кетип жатат. Өлкөнун карызынын 40%ы электр тармагына кетти. Мындан тышкары, инфраструктуранын жарымынан көбү эскирди. Биз сапаттардагы жана өчүрүүлөрдөгү көйгөйлөрдү көрүп жатабыз. Көйгөй барган сайын начарлай берет. Тарифтерди көтөрүү менен бул тармакты инвестиция кылууга мүмкүн болот”,-деди Бурунчук.

Пикир

Оставить комментарий