• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча каражат бөлүүгө даяр

Билим 0

Бишкек, 13.05.22./Кабар/. 2022-жылдын 6-майында АКШга иш сапары учурунда Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү: Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча чөлкөмдүк директору Татьяна Проскурякова, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлүк программалык координатору Саша Т.Джумен жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук кеңешчиси Хусейин Абдул-Хамид менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда министр Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы учурдагы демилгелери жана пландары менен тааныштырды.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү азыркы учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан Министрликтин “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Дүйнөлүк банк министрликтин демилгелерин колдоого жана Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий