• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга бюджетти колдоого 24 млн доллар бөлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28- ноябрында кабыл алынган.

Дүйнөлүк банктын «Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо» программасы инклюзивдик өсүү боюнча макрофискалдык негиздер, мамлекеттик сектордо ачык-айкындыкты жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү жана ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу тармактарда мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн реформаларын колдоого багытталган.

Бул макулдашуунун алкагында Кыргызстанга 24 млн доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын 12 млн доллары гранттык жардам жана 12 млн доллары кредит катары берилет.

Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий