• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга энергетика жана экологиялык абалды жакшыртууда жардам берет

Экономика 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө банктын энергетика тармагындагы реформаны ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу жана аны реабилитациялоо маселеси талкууланды.

Дүйнөлүк банктын командасы кыргыз тарапты энергетика тармагында, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууда жана башка бир катар стратегиялык иш-чараларда кызматташууга жана жардам берүүгө ишендирди.

Андан тышкары, жолугушууда 2022-жылдын 22-апрелине белгиленген жазгы жолугушуулар тууралуу талкуу болду, анда Кыргызстандын делегациясы дүйнөлүк аренада өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарын көрсөтө алат. Мындан тышкары, тараптар “2022-2024-финансы жылына кредиттөө программасынын” алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулашты.

Эске алсак, ушул жылы Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүктүнө 30 жыл болду.

Пикир

Оставить комментарий