• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 21 млн доллардан ашык каражат бөлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Дүйнөлүк банктын жетекчилер кеңеши Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Кыргызстандагы коронавирус илдетине ыкчам чара көрүү боюнча долбоорун ишке ашыруу үчүн 12,15 млн долларды бөлүүсүн жактырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле аталган долбоордон 9 млн доллар өлкөнүн жасалып жаткан аракетин колдоо иретине бөлүндү.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттар саламаттык сактоо тармагына жумшалат. Атап өтсөк, медициналык жакдыктарды, коргоочу кийимдерди, лабораториялык реагенттерди, 20 тез жардам унаасын жана тест системасын сатып алууга кетет. "COVID-19 илдетине ыкчам чара көрүү долбоорунун максаты жарандандын өмүрүн сактап калуу жана оорунун жайылышын алдын алуу", - дейт Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар.

Долбоордун алкагында, шаардагы атайын дайындалган ооруканаларда жаңы жана оңдолгон 10 жандандыруу бөлүмү, ар биринде 8 койка-орундуктары менен даярдалат. Жасалма дем алдыруучу аппарат, дефибриллятор, мобилдик рентген аппараты жана башка керектүү жабдыктар сатып алынат. Дагы өлкөнүн бардык аймактарында 20 жандандыруу бөлүмү, 24 ооруканада 100 обочолонуу бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий