• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Ош облусундагы ишкерликти өнүктүрүү үчүн $45 млн бөлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Ош облусундагы ишкерликти өнүктүрүү үчүн $45 млн бөлөт.

Күн мурун өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов Чи-Юн Хуан баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолуккан.

Маалыматка ылайык, аталган банк айыл жерлерин өнүктүрүүдө кичи ишкерликти өнүктүрүүгө артыкчылык берет.

"Элинин жыштыгы, жашоо шарты боюнча бул долбоорго эң ыңгайлуу аймак - Ош облусу. Учурда пилоттук долбоор катары тандалып, 45 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Ага ылайык, Сары-Таш аймагы, Өзгөн, Кара-Суу райондору сунушталды. Эми 23-майдан аймактарды жеринен көрүп, өздүк салымдардын көлөмү аныкталып, сентябрь айынан куруу иштери башталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий