• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга 46 млн доллар каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, «Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоору жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу менен сапатын жакшыртууга багытталган, анын жалпы бюджет – 46 млн доллар.

Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоору үч курамчадан турат: 1-курамча Бишкек шаарынын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга багытталган (31 млн доллар), 2-курамча үй чарбарлардагы экологиялык таза жылытуучу мештерди борборлошкон жылуулук жабдууну кошпой киргизүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну камтыйт (5 млн доллар) жана 3-курамча коомдук имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга демонстрациялоого багыттылган (10 млн доллар).

Дүйнөлүк банкы 1-курамчаны жүзөгө ашыруу үчүн гранттык каражаттарды төмөндөгү шарттарга ылайык бөлүүсү божомолдонууда:

Суммасы: 31 млн доллары (23 млн доллар – насыя, 8 млн доллар – грант).

Төлөө мөөнөтү: 38 жыл.

Жеңилдетилген мөөнөтү: 6 жыл.

Пайыз коюму: 0,75.

Ал эми калган курамчалар толугу менен гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашырылмакчы.

Талкуу жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов насыя көлөмү 23 млн доллар болсо, эмнеден үчүн аны кайтарууда 31 млн долларга үстөк пайыз төлөнө турганына кызыкты. “Бишкек жылуулук” ишканасынын башчысы Эркин Абдыкалыков Каржы министрлигинин кайра насыялоо шарты ушундай экенин билдирди. Ал эми каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин айтымында, 8 млн доллар өлчөмүндөгү грант чарбалык субъектиге эмес, Өкмөткө берилген, ал ошол каражатты кайра насыялоодо.

Пикир

Оставить комментарий