• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбооруна 46 млн доллар каражат бөлөт

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, «Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоору жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу менен сапатын жакшыртууга багытталган, жалпы бюджети – 46 млн доллар.

Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоору үч курамчадан турат: 1-курамча Бишкек шаарынын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга багытталган (31 млн доллар), 2-курамча экологиялык программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чараларын камтыйт (5 млн доллар) жана 3-курамча коомдук имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга демонстрациялоого багыттылган (10 млн доллар).

Дүйнөлүк банкы 1-курамчаны жүзөгө ашыруу үчүн гранттык каражаттарды төмөндөгү шарттарга ылайык бөлүүсү божомолдонууда:

Суммасы: 31 млн доллары (23 млн доллар – насыя, 8 млн доллар – грант).

Төлөө мөөнөтү: 38 жыл.

Жеңилдетилген мөөнөтү: 6 жыл.

Пайыз коюму: 0,75.

Ал эми калган курамчалар толугу менен гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашырылмакчы.

Депутаттар ордо калаадагы экологиялык абалды эске алып, ушул долбоордун алкагында жаӊы конуштарда жашаган калкты заманбап энергонатыйжалуу мештерге, мончолорду экологиялык таза отунга өткөрүү, эскилиги жеткен суу түтүктөрүн жаӊысына алмаштыруу, насыя каражатты сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын белгилешты.

Белгилей кетсек, келишимге ылайык, 8 млн доллар өлчөмүндөгү грант чарбалык субъектиге эмес, Өкмөткө берилген, ал ошол каражатты кайра насыялоодо.

Пикир

Оставить комментарий