• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлү Болормаа Амгаабазар Ардак грамота менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Болормаа Амгаабазарды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда үзүрлүү кызматташууну орнотууга кошкон зор салымы үчүн Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий