• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 21-кылымдын феномени болуп калды

ДКО 2018 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 21-кылымдын феномени болуп калды. Бул тууралуу “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келечектеги гармониялуу дүйнөнү курууга үлгү катары” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө “Эркин куш” коомдук бирикмесинин өкүлү Айболот Айдосов билдирди.

Ал оюндар улуттук чектерди жана каада-салттарды бузуп, өнүккөн технологиялар, интернет жана ааламдашуу кылымында тез өнүгүп жаткан дүйнөнүн альтернативасы болду.

“ДКО адамзаттын өнүгүшүнүн жаңы моделин иштеп чыккан аянтча, платформа болуп калды. Оюндардын өтмүштөн бери келе жаткан идеясы жана философиясы актуалдуу жана жаңжалдардын, технологиялардын кылымында суроо-талапка бай”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий