• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда

ДКО 2018 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.

Пикир

Оставить комментарий