• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар курамасы Түркияны жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 29.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын жер улак (көкпар) боюнча курама командасы Түркиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Изник шаарындагы мелдеште кыргыз улакчылары атаандашын 9:3 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынайт: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирди.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий