• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун эскертүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун, коронавирустун жайылышы менен кишилердин ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

AFP агенттиги белгилегендей, аптап учурунда кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет.

БМУнун расмий өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын билдиришинче, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык тобокелчиликтерди күчөтөт.

Май айынын ортосунда БМУ 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий