• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк робот куруу боюнча олимпиаданын улуттук этабы Бишкекте өткөрүлөт

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 8-9-июнь күндөрү "WRO-KYRGYZSTAN 2019" аталышта робот куруу боюнча дүйнөлүк олимпиаданын улуттук этабы өткөрүлөт. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алат. Бул тууралуу "Роботтор лигасынын" директорунун орун басары Акылай Төлөгөнова билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада "LEGO" конструкциялары менен 3 багытта өткөрүлөт. Негизги, чыгармачыл жана футбол. Негизги багытында балдар роботту куруу менен программа тилин киргизиши керектелет.

"Кыргызстанда өткөрүлчү олимпиада 3 жаш куракка бөлүнөт. Биринчи 10-12 жаш арасын "Elementary", 13-15 жаштарды "Junior" жана 16-19 жаштарды "Senior" деп бөлөбүз. Жеңүүчүлөрдү дүйнөүкк олимпиадага жиберебиз", - дейт директордун орун басары.

Белгилей кетсек, олимпиаданын финалы Венгрияда 8-10-ноябрь күндөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий