• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19ду дарылоо үчүн гидроксихлорохинди сыноону токтотту

Дүйнө 0

Бишкек, 26.05.10. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) гидроксихлорохин жана хлорохинди коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн клиникалык сыноо өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмду башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим "Ланцет" медициналык журналында жарык көргөн иликтөөдөн кийин кабыл алынган. Материалда бул препараттар COVID-19 вирусун жуктуруп алган бейтаптардын арасында өлүм тобокелчилигин жогорулата турганы айтылган.

Окумуштуулар дүйнө жүзү боюнда дээрлик 700дөй ооруканадагы оорулуулардан келип түшкөн маалыматтарды иликтеп, гидроксихлорохиндин терс натыйжаларын, анын ичинде жүрөк аритмиясын жаратарын аныкташкан.

ДССУ башчысы эки препарат тең безгекти дарылоодо коопсуз экенин да белгилеген.

Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп коронавирустан коргонуу үчүн эки апта бою гидроксихлорохин колдонгонун маалымдаган.

Бул арада ДССУ коронавирус инфекциясын экинчи толкуну жөнүндө эскертүүдө. Уюм социалдык аралыкты сактоо жана тестирлөөнү көбөйтүү зарылдыгына басым жасоодо.

Пикир

Оставить комментарий