• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны табуу иштери тууралуу айтып берди

Дүйнө 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын иштеп чыгуу иштеринин биринчи жыйынтыктары жакынкы апталарда чыгат деп күтүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдун Россиядагы өкүлү Мэлита Вуйнович билдиргенин РИА Новости жазат.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы илимий иштерди колдойт. Себеби алар адамдын өмүрүн сактоого багытталып, саламаттык сактоо системасы начар өлкөлөр үчүн маанилүү. Учурда уюмдун кароосуна жана бекитүүсүнө 40 диагностикалык тест келди жана 20 вакцина иштелип чыгууда", - деп, ал көптөгөн дарылар клиникалык сыноолордон өтүп жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий