• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус өпкөнү сезгенткен жаңы вируска байланыштуу абалды пандемия деп сыпаттады.

Ал 11-марттагы билдирүүсүндө жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал экенин эскертти.

Ушул тушта бул оору дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус төрт миңдей адамдын өмүрүн алды.

Мунун алдында Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөшкө көмөктөшүп, Италияга гуманитардык жардам жөнөтөрүн билдирген. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды.

Карантинден улам Украинада, Молдовада, Чехияда, Словакияда жана Грецияда мектептер, окуу жайлары жабылып жатат.

Россиянын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 10-апрелге чейин эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы адам катталды.

Кытайда болсо бул ооруга кабылгандар кескин азайды - соңку бир күндүн ичинде илдет 19 гана адамдан аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус 80 миңден ашык адамга жугуп, алардын көбү айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий