• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанды ар тараптуу колдоого даяр

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору, доктор Тедрос Аданом Гебрейесус менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев ДССУ башкы директоруна уюм тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, тараптар COVID-19га каршы эмдөө тармагындагы эки тараптын ортосунданы актуалдуу маселелерин, ошондой эле ДССУнун Кыргызстанда жүргүзгөн долбоордук иш-чараларын, атап айтканда: башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү чөйрөсүндө; калктын психикалык ден соолугун жакшыртуу; иммундаштыруу жана аялдардын репродуктивдүү ден соолук маселелерин талкуулашты.

Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев ДССУнун долбоордук ишмердүүлүгү мамлекеттин саламаттыкты сактоо секторун чыңдоодогу ийгиликтүү жана ырааттуу ишине өбөлгө түзөрүн белгилеп, мындан аркы эффективдүү кызматташууга үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, ДССУнун башкы директору доктор Т.Гебрейесус кыргыз тарапка COVID-19 менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ДССУнун Кыргызстанды ар тараптуу колдоону улантууга даярдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий