• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медицина кызматкерлерине коопсуз жумуш шарттарын түзүп берүүгө чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерине коопсуз жумуш шарттарын түзүп берүүгө чакырат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

"Дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүндө (28-апрелде белгиленет) мен бардык өлкөлөрдү медицина кызматкерлерине так ойлонуштурулган, татыктуу жана коопсуз иш шарттарын түзүүгө чакырам", - деген ал.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдү саламаттык сактоо, авариялык-куткаруу кызматтарынын жана пандемия учурунда башка адамдар үчүн өзүнүн өмүрүн тобокелге салган бөлөк кызматта иштеген адамдардын эмгегин коргоо боюнча улуттук программа иштеп чыгууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий