• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: Почта аркылуу келген кат, буюмдар аркылуу коронавирус жукпайт

Ден соолук 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери, коронавирус почта аркылуу келген кат жана буюмдар аркылуу жукпай тургандыгын билдирет. Окумуштуулардын айтымында, вирус 40°С температураны көтөрө албайт жана айлана-чөйрөдө көпкө жашабайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Бирөө жөнөткөн буюмдардан коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алууга болбойт. Башка коронавирустарды изилдөө көрсөткөндөй, бул түрдөгү вирустар кат же почта жөнөтмөлөрү же баштык сыяктуу буюмдарда көпкө чейин жашабай тургандыгы аныкталды", - деп айтылат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүндө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери белгилегендей, коронавирус аба аркылуу же бейтап адам менен байланышта болгондо жугат.

"2019-nCoV вирусунун буюмдарда канчага чейин тирүү калары тактала элек. Бирок, алдын ала маалыматтар көрсөткөндөй, ал бир нече саат боюнча тирүү кала берет. Дезинфекция каражаттарын колдонуп вирусту өлтүрүүгө жана аны жуктуруп алуудан сактанууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Айлана-чөйрөдө вирус көпкө жашабайт – болжол менен 3 саат жашайт. Аэрозолдук абалда 8-10 саат, сууларда – 9 күнгө чейин. Лиофилиз абалында (+4°С) жана тоңдурулган абалда (-70°С) инфекциялык күчү бир нече жылга чейин сакталат. Вирус ысыктан коркот. 56°С жогору температурада дароо өлсө, 37°С жогору температурада 15 мүнөт ичинде жок болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистеринин ар түрдүү вирустук инфекциялардан коргону боюнча сунуштары:

- Колго спирти бар каражаттарды сүйкөп, самындап жууп туруңуз;

- Коомдук жайларда адамдар менен ородогу аралыкты сактаңыз (1 метр алыс болуу), айрыкча алар жөтөлсө, дене табы көтөрүлсө;

- Мүмкүн болсо көз, мурун, оозду колуңуз менен кармабаңыз;

- Дене табыңыз көтөрүлсө, жөтөлсөңүз, дем алууңуз оорлосо дарыгерге кайрылыңыз. Эгер Кытайдын 2019-nCoV вирусу катталган жерлеринде болсоңуз же Кытайдан келип, респиратордук оорунун белгилери байкалган адам менен байланышта болгон болсоңуз дарыгерге кайрылыңыз;

- Эгер Кытайда болбой, бирок дем алуу органдарынын ооруларынын белгиси болсо, гигиенаны сактап, мүмкүн болсо айыкканча үйдө болгонуңуз дурус;

- Тамакка мал-жандыктардын чийки жана жарым чийки азыктарын колдонбоңуз. Жашылча-жемиштерди жээрден мурда тазалап жууңуз. Эттерди кууруп, кайнатып жеңиз. Сүт азыктарын пастеризациялоо керек.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий