• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөлүк саламаттык уюму беткап челленджин өткөрүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык уюму беткап челленджин өткөрүүдө. Бул тууралуу Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

"Бул аптада биздин өнөктөштөр менен бирге дүйнө боюнча беткап челленджин баштап жатабыз. Биз баарын беткап менен түшкөн сүрөттөрүн бизге жөнөтүүгө чакырабыз.

Беткап коронавирустун жайылышын алдын алуу каражаты гана эмес, тилектештиктин символу болуп калды", - деген Дүйнөлүк саламаттык уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейсус.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык уюму мындай челленджди алгач ирет өткөрүп жаткан жок. Буга чейин алар "Таза кол", "Үйдө отурам жана деним сак" челлендждерин өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий