• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дүйнө лидерлери Нотр-Дамдагы өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтууда

Дүйнө 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Дүйнө саясатчылары жана католик чиркөөлөрүнүн лидерлери Нотр-Дам чиркөөсүндөгү ири өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтышып, тилектештигин билдиришүүдө.

Окуя болгон жерге өлкө президенти Эммануэль Макрон барып, чиркөөнү “ар бирибиздин бир бөлүкчөбүз болуп калган” деп атады жана имаратты калыбына келтирүүгө каражат чогултуу боюнча эл аралык өнөктүк башталарын айтты.

Ватикан Париждеги үрөйдү учурган өрткө байланыштуу Твиттерде үн катты:

"Ыйык так Нотр-Дам чиркөөсүндөгү, Франциядагы жана буткүл дүйнөдөгү христиан символунун өрттөнүшүн кайгыруу менен укту", – деп жазды Ватикандын маалымат катчысы Алессандро Жизотти.

АКШ президенти Нотр-Дамдагы ири өрткө байланыштуу көңүл айтты:

“Өрттү өчүрүү үчүн учуучу цистерналарды колдонуу керектир. Тезирээк аракет жасоо зарыл!" – деди Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Нотр-Дам дүйнөдөгү улуу мурастардын бири экенин, кайгылуу мүнөттөрдү башынан кечирип жаткан Франция эли тууралуу ойлонуп жатканын билдирди.

" Жоготууларды жоктоо, бардык күчүбүздү жумшап, аларды кайра калыбына келтирүү – бул биздин табиятыбыз"– деди ал.

Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелге караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түштү.

850 жыл мурда курулган чиркөөнүн чатырын кармап турган жыгач конструкция күйүп кетти.

Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Ал жакта реконструкция иштери жүрүп жаткан.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Чиркөөнү бир жылда миллионго жакын турист барып көрөт.

Пикир

Оставить комментарий