• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнөнү дүңгүрөтүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жок деген айың кептер тууралуу

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде 10-майга карата Кыргызстандагы акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берди.

Брифингдин жүрүшүндө өлкөнүн башкы санитардык дарыгерине "Коомдо, өзгөчө айрым бир жарандар коронавирус илдети жок, бул калп эле чыккан божомол же "жомок" деген сыяктуу айың кептерди айтышууда. Беткап тагынуунун кажети жок деген да сөздөр айтылууда. Дарыгер катары өз оюңузду, кеп-кеңешиңизди айтсаңыз", - деген суроо узатылды.

Үсөнбаев коронавирус жок экен деген скепсис дайыма эле айтылып келгендигин билдирип, бирок учурда COVID-19 коронавирустук инфекциясы дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткандыгын айтты.

"Коронавирус бар, андан каза болгондор да катталууда. Өзгөчө коркунучтуу жагдайларды түшүндүрүп, көрүп жатабыз. Коронавирус жок дегенге мен кошулбайм. Жөн эле отуруп алып коронавирус жок дегенден ал илдет жок болуп кетпейт. Ооруканада бейтаптар жатат, аларды дарылоодобуз", - деди ал.

Ошондой эле өлкөнүн башкы санитардык дарыгери беткап тагынуу маселесине да токтолду.

"Коронавирустун көп жагдайлары бар, күн сайын жаңы маалыматтар түшүүдө. 1-майдан тарта көчөдө көп жарандарыбыз жүрүүдө. Бирок көбү медициналык беткап жок чыгышууда. Негизи бул туура эмес, сактануу керек. Коомдук жайларга да барып жатабыз, ал жерде көп сандаган элдер чогулуп калууда. Ошондуктан беткап тагынып, аралыкты сактоо керек", - деп баса белгиледи ал.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий