• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөнүн 150 шаарынын мэрлери Бишкекке тажрыйба алмашууга чакырылды

Коом 0

Бишкек, 06.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Дүйнөнүн 150 шаарынын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумуна катышууга Бишкекке чакырылды.

Форум 2018-жылы 11-12-апрелде “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында өтөрүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Өмүрбек Алманбетов айтып берди.

“Былтыр Россиянын шаарлар Союзунун президент Станислав Машаров Бишкекте КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин жана калаа мэриясынын жетекчилиги менен Бишкекте жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз тарап бул форумга катышууга кызыкдарлык билдирген, меймандар аны Бишкекте өткөрүүнү сунушташкан”, - деп билдирди Алманбетов.

Муниципалдык кызматтар үчүн ишкер аянтчасын уюштуруу демилгесин Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков да колдоого алып, жактырган. Форумду өткөрүү үчүн аткаруучу топ түзүлүп, аны КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов жетектеген.

Россиялык шаарлар Союзунун башкы директорунун орун басары Софья Новикова форум былтыркы жылдан тартып эл аралык форматка өткөнүн, андан соң, аны Россияда эмес, чет өлкөлөрдө өткөрүү чечими кабыл алынганын айтты.

“Биз бир нече вариантын карадык. Бирок эң меймандос Кыргызстан болду”, - деп белгиледи Новикова.

Ал ошондой эле көпчүлүк бул иш-чараны өткөрүүнүн натыйжалуулугу тууралуу сурап жатышканын, анткени башында белгилүү бир чыгымдар болорун айтып жатышканына көңүл бурду.

“Биз жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууну максат коюп жатабыз. Бул үчүн муниципалдык кызматкерлер активдүү жана таасирдүү иштөөлөрү кажет. Көпчүлүк учурда шаардык өз маселелери боюнча кайда кайрылууну билишпейт. Форум мындай маселелерди тажрыйба алмашуу жолу менен чечүүнү шарттайт”, - деп түшүндүдү Новикова.

Ал меймандарды чакыруу боюнча бардык маселелер Россия, Кыргызстандын тышкы иштер министрликтери жана Федерация Кеңеши менен биргеликте чечилгенин кошумчалады. Бүгүнкү күндө, белгилүү болгондой форумга Түштүк Корея, Кытай, КМШ өлкөлөрүнүн, Германия жана Финляндиянын делегациялары кызыгуу билдиришти.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 12-июлунда Бишкекте КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер мамлекеттик агенттиги менен Россия шаарларынын Союзунун ортосунда эки мамлекеттин шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу каралган Меморандумга кол коюлган. V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумун Бишкекте өткөрүү бул меморандумдун алкагындагы алагачкы ири долбоор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий