• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 миңден ашык учур катталды – Акматова

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 миңден ашык учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөнүн саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 23-мартына карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 миң 110 учур катталды. “Дүйнөдө 12 миң 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган. Ошондой эле Россияда 367, Казакстанда 59, Өзбекстанда 42 адам илдетти жуктурду”, - деди ал.

Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14гө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий