• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөнүн 203 өлкөсүнүн студенттери жолугушту

Коом 0


Бишкек, 14-май /Канат Жолочиев - Кабар/. Дүйнөнүн 203 өлкөсүнөн Түркияга келип билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер Стамбулда X Эл аралык студенттердин жолугушуусунун финалдык программасына катышышты. Бул жолугушуу Эл аралык студенттердин уюму UDEF (Эл аралык студенттердин уюмдарынын федерациясы) тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Түркиянын вице-премьер министри Нуман Куртулмуш катышып сөз сүйлөдү. Эл аралык студенттер өз өлкөсүнүн маданиятын таанытып музыка, ыр, бий жана театралдык номерлерди көрсөтүштү.

Алардын арасында кыргызстандык студенттер улутубуздун байлыгы болгон Манас эпосунан үзүндү айтышып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Андан соң Омардын "Кыргызстаным" аттуу ырын ырдап залды дагы бир жолу толкутту.

Пикир

Оставить комментарий