• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөнүн 27 мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Дүйнөнүн 27 мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктүн көпчүлүгү Россияда ачылган.

"Дүйнөнүн 27 мамлекетинде 37 дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз иштейт. Анын басымдуу бөлүгү Россияда жайгашкан – 6. Андан кийинки орунда Казакстан, Кытай, Германия турат. Ошондой эле чет жерлерде 35 ардактуу консулдугубуз бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий