• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйнөнүн 3 миң шаарында жүргөн сынакка Кыргызстандын 18 шаары катышат

Коом 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Кыргызстан сыйлык фонду 6 млн. сомду түзгөн "Балдар менен жаштарга татуу шаар" сынагына алгач ирет катышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында аны өткөрүүнүн демилгечилери – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КРдагы БУУнун Балдар фондунан (ЮНИСЕФ) кененирээк айтып беришти.

Учурда бул демилгеге катышуу боюнча сунуштар өлкөбүздүн 18 шаарына жиберилип, сынакты өткөрүү регламенти өкмөттүн токтому менен бекитилген.

"Биздин маалыматтар боюнча, мындай демилгеге 3 миң шаар катышат. Ал жаңы болбосо да, Кыргызстанда алгач ирет өткөрүп жатабыз. Аталган 3 миң шаар алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө – Украина, Беларус, Түркия, Швейцария, Швеция, Словения, Испания, Австрия, Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Канада, Корея, Японияда орун алып, ага көп өлкөлөр катышат", - дейт КРдагы БУУнун Балдар фондунун төрагасынын орун басары Мунир Мамедзаде.

Ошол эле учурда, ал белгилегендей, талаптар ишке ашышы үчүн ар бир өлкөдө бул демилге ошол өлкөнүн шарттарына ылайыкташтырылып, жергиликтүү турмуш жана мыйзамдар эске алынат.

"Биз 18 шаарды чакырдык. Бизге макулдук бергендер бар. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоодо башкы критерийлер жер-жерлерде балдар менен жаштардын абалы боюнча доклад, дагы 26 багыт – билим, саламаттык сактоо кызматынын кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, коопсуздук ж.б. боюнча көрсөткүчтөр болот. Чечим кабыл алууда балдар менен жаштардын канчалык катышкандыгына да комиссия өзгөчө көңүл бурат", - деди ал.

Мунир Мамедзаденин айтымында, сынактын башкы максаты – шаардык муниципалитетти балдар менен жаштардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруусуна өбөлгө болуу.

Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, шаарлар, жергиликтүү бийлик балдар менен жаштардын абалы тууралуу маалыматты чогултканы, шаардагы жашоо шарттар боюнча кызыгып сурап, шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу чечимдерди кабыл алууда аларга кулак салганына карап бааланарын билдирди.

Уюштуруучулар белгилегендей, мында шаарларды каржылоо маселеси жана алардын бюджетинин суммасы негизги ролдо болбойт. Мындан улам, аймактагы шаарлар борбор калаа менен тең тайлаша жарыша алат.

Регламентке ылайык, жеңүүчү аталган шаарга 3 млн. сом берилет. Экинчи орунга 2 млн. сом жана үчүнчү орунга 1 млн. сом тапшырылат. Ал каражат кыска мөөнөттү инфраструктуралык долбоорлорго эмес, адамдык капиталды арттырууга жумшалышы керек.

"Утуш шаар мэриясына берилет. Каражаттардын бөлүнүшү долбордун өнөктөшү – Саясатты өнүктүрүү институту тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери мониторинг жүргүзөт", - деди Парханов.

Андан тышкары, сынактын жыйынтыгы менен 10 мыкты шаар "Балдар менен жаштарга татуу шаар" сертификатын алышат. Парханов белгилегендей, алдыда бул демилге кеңейип айыл аймактарды да кошуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий