• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнөнүн көздү суктандырган экзотикалык жайлары

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жайдын аптаптуу күндөрүнүн келиши менен ар бир адам өз эс алуусун унутулгус кылып өткөрүүнү самашат. Жыл сайын эле бир жерге барууну каалабаган, өзгөчө жерлерди издеген адамдар үчүн Түркия, Египет, Таиланд сыяктуу эс алуу өлкөлөрү көнүмүш катары сезилет. Ошондуктан, биз дүйнөнүн эң бир кооз жерлеринин тизмесин сунуштайбыз.

Исландиянын Гейзерлер өрөөнү

Исландияны белгилүү кылган өрөөнү Хаукадалур (Haukardalur) башкача айтканда Гейзерлер өрөөнү деп аталат. Өрөөн өзүнүн табигый фонтандары менен таанымал.

Бул өрөөндөгүдөй Гейзерлерди дүйнөнүн башка бурчунан деле көрсө болот. Мисалы, Камчаткадан. Бирок, бул гейзерлердин өзгөчөлөгөнү -Гейсир табигый фонтаны. Гейсир күнүнө бир нече жолу сууну 60-70 м жогору карай бүркүп турат.

Өрөөндө мындан да кичине гейзерлер бар. Алсак, Строккюр (Strokkur) саат желеси менен иштеген сыяктуу ар бир он мүнөт сайын ысык сууну 20-30 метрге чейин бүркүп турат. Ошондой эле, бул жактан алыс кетпей эле Блези көлүнүн кереметтүү кооздугу менен жана Гюдльфосс “алтын шаркыратмасына” суктануу менен унутулгус убакыт өткөрсө болот.

Сокотра аралы - Йемендин бермети

Бул жомоктогудай арал Түндүк батыш Инди океанынын өзүнчө бир бөлүнгөн аймагында жайгашып, укмуштуудай, эч жерде жолуктурууга мүмкүн болбогон өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү менен суктандырат.

Аймакка келгенде сюрреалистикалык же башка планетадагыдый таң калыштуу пейзажга, андагы шумдуктуу формадагы бак-дарактарды, алардын ар бир жалбырагын сүрөткө тартып, мыкты эмгектерди жаратууга болот.

Арал кургак жана өтө ысык болсо да, өз жаратылышы менен таң калдырбай койбойт. Анда бак-дарактардын түрлөрүн, түркүн түстөргө боюлгон айлананы, сыйкырдуу бадалдар, сейрек кездешүүчү чымчыктар, жаныбарларды кезиктирүүгө болот. Белгилей кетсек, санкрит тилинен алганда Сокотра “бактылуулуктун аралы” деп которулат. Атына жараша аралга келген ар бир саякатчы аз убакытка болсо да өзүн бактылуу сезип кайтат.

Канада өлкөсүндөгү Пейто көлү

Канада мамлекетиндеги эң кооз көлдөрдүн бири - Пейто көлү. Негизи Канада “көлдөрдүн мекени” десек болот. Анткени, өлкөдө майда, ири, тоолордогу жана түздүктөрдөгү көлдөргө сан жеткис.

Канада бул статусун бирюза түсүндөгү эң таза көлү менен бекемдеп келет. Мындай көл балким дүйнөдө жоктур. Себеби көлдү мөңгүнүн суулары толуктап тургандыктан, мөңгүнүн түсү ага көгүлтүр өң берип кооздугун арттырып турат.

Көлдү курчап турган ландшафттар, бийик аскалар, ар дайым жашыл түскө боюлуп турган токойлору таңкалдырбай койбойт.

Коммуна Риомаджоре - Италия

Коммуна Риомаджера Италия мамлекетинин кичине шаарчасы, калкынын санын болгону 2000 адам. Буга карабастан, туризм тармагында таанымал. Шаарча өзүнүн ачык көрүнүшү, аскалардагы түркүн түстүү үйлөрү жана романтикалык атмосферасы менен өзүнө тартат.

Кошуна аймактагы Манороладан Риомаджоре чейинки жол “Сүйүү жолу” деп аталат. Сүйүү жолу, аскалардын живопистик кооздугундагы чыйыр жолдо жайгашкан. Көптөгөн сүйүшкөндөр келип, сүйүүнүн символу катары кулпу бекитишет.

Риомаджореде музейлер, тарыхый жайлар жана маданият жайлары жок болсо да бир келип кетүү керек. Анткени бул жакта күндүн аттышы жана батышы унутулгус сезимдерди тартуулайт. Ошондой эле, үй шартында жасалган шараптар, өтө чоң эмес көл жээктери сүйүшкөндөр үчүн гана арналгандай сезимдерди калтырат.

Греландиядагы муз каньону

Жер бетиндеги эң чоң арал укмуштуудай болгон муз түзүлүштөрүнө бай. Эң масштабдуу муз каньонунун тереңдиги 45 метрге жетет.

Көздү уялткан аппак, бийик-бийик болгон муздар ээрип, таза, көк түстөгү жай аккан дарыяны пайда кылып, анда муздун жараңкаларынын агып баратканын көрсөк болот.

Саякаттап жүргөндө ак аюуларды, карышкырларды жана түндүк бугуларын, ал эми сууда тюленьдердин жана морждордун ойноп жаткандарын көрүүгө болот. Кимдин каалоосу күч болуп, муз аралынын чордонуна түшсө, табигаттын чыныгы сулуулугуна күбө болот. Муздуу үңкүрдүн төбөсү сыя көк түстөгү булуттарды чагылдырып турат.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий