• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнөнү өзгөртүп жаткан бул кырдаал өлкөдөгү кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин ашкереледи — президент

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Дүйнөнү өзгөртүп жаткан бул кырдаал өлкөдөгү кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин ашкереледи. Коомдун саламаттыгын коргоодогу жана бул тармакты башкаруудагы көйгөйлөргө кептелдик. Саламаттыкты сактоо тармагы туташ реформага муктаждыгын турмуш дагы бир ирет далилдеди. Мындан тышкары илим, билим тармагы да замандын жаңы чакырыктарын эске алып, жаңыртууну талап кылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып.

Ошондой эле Президент түзүлгөн кырдаалдан улам жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо мөөнөтүн аргасыз жылдырылгандыгын, Апрель революциясынын 10 жылдыгы алдын ала түзүлгөн пландагыдай белгиленбегендигин эске салды.

«Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Бул ыйык датага байланыштуу иш-чаралар да өзгөрүүлөргө учурайт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий