• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Дүйнө сулуусу” Шакированын өлүмү. Жактоочу шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Жактоочу дүйнө сулуусу Сания Шакированын өлүмүнүн иши боюнча шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылат. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 15-августта алар Чыңгыз Кондурбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, аны камакка алууну талап кылып сотко кайрылышат. Белгилей кетсек, сот аны ден соолугунун абалына жана анын 3 кичинекей баласына байланыштуу үй камагына коё берген.

“Биз аны СИЗОго киргизүү үчүн баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылабыз. “Намба” такси кызматын дагы сотко беребиз. Жол кырсыгынан жабыркагандар бараткан унаа “Намбанын” таксопаркына тиешелүү болуп, Тимур аттуу адамдын атына катталган. Ал өз унаасын башка адамга берүүгө укугу жок болчу. “Намба” таксини моралдык компенсацияны талап кылуу менен сотко беребиз”, - деди юрист.

Ошондой эле ал алдыда соттон шектүүнү жазалоо үчүн максималдуу мөөнөт сурай тургандыктарын кошумчалады.

“Биз ошондой эле моралдык компенсация сурайбыз. Маркумдун артында үч баласы калды. Алар апасын жоготкондугу тууралуу моралдык зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Шакированын ата-энеси дагы кызын жоготкондугу боюнча компенсация төлөтүүгө укуктуу”, - деди Абдурауфов.

Эске салсак, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысы-Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий