• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнө жүзүндөгү ажайып кооз 10 шаар (сүрөт)

Дүр дүйнө 0

10.Стамбул, Түркия

Түркия дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын катарын толуктайт. Себеби, мурдагы Осмон падышалыгынын борбору – эч нерсе менен тең келгис кооз жай болуп саналат.

Султанахмат - мечитин көргөндөр да көрбөгөндөр да арманда. Каракей районунда учурда көз жоосун алган дүкөндөр, мейманканалар жана көркөм сүрөттөр орун алган. Ошол эле жерде деңиз музейи, заманбап искусства музейи жана 500 жылдык тарыхы бар “Еврей музейи” жайгашкан.

9. Луанг Прабанг, Лаос

Бул шаар 1995-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар макамына ээ болгон. Ошол учурдан тарта калаага келген туристтердин саны абдан көбөйгөн. Шаар бийлиги туристтерден түшкөн акча каражатын туура нукка пайдаланып, шаардагы эски имараттарды жана сыйынуучу жайларды оңдогон. Луанг Прабанг өзүнүн байыркы имараты менен гана эмес Меконг жана Нам Хан дарыялары менен да таанымал. Учурда Луанг Прабангда эң алдыңкы мейманканалар жана дүйнөдөгү белгилүу француз ресторандары жайгашкан.

8. Флоренция, Италия

Флоренция – дүйнөдөгү кооз шаарлардын катарын толуктайт. Жыл сайын шаарга келген туристтердин санын көбөйүп барат. Флоренция ар дайым романтикалуу маанай тартуулап турат. Бул шаарда болжол менен дүйнөдөгү бардык искусство кенчинин үчтөн бир бөлүгү жайгашкан.

7. Иерусалим

Бул шаар – биздин доорго чейинки 4000-жылдарда орун алган. Байыркы жана ыйык жайлардын эсебинен Иерусалим жер жүзүндөгү уникалдуу шаарлардын катарын толуктап келет.

6. Эдинбург, Шотландия

Шаар жыл сайын өткөрүлүп туруучу эл аралык фестивалы менен таанымал, бирок, эң башкысы ал өзүнүн жаратылыш тартуулаган кооздугу менен элдерди таң калтырып келет.

5. Рио-де-Жанейро

Рио-де-Жанейро – шайыр жана кооз шаарлардын катарында. Бул жерде өлкөдөгү эң масштабдуу майрам өтөт, аны бир гана жергиликтүү тургандар эмес жада калса коноктор да чыдамсыздык менен күтүшөт. Бирок, бул шаар өзүнүн шаң-шөөкөттүү майрамдары менен гана таанымал эмес. Иисустун айкели жана Тижук бак массиви.

4. Гавана, Куба

Бул шаар өзүнө 20-кылымдын узап бара жаткан өңүп сактап калгандай түр калтырат: чоң америка унаалары, күйүүчү майдын жыты.

3. Киото, Япония

Киото – дүйнөдөгү керемет шаарлардын бири болуп саналат. Токио туристтерди жогорку ылдамдыктагы поезддери жана асман тиреген имараттары менен өзүнө тартып келсе, Киотодо болсо тескерисинче, жашоонун ыргагы жайдыгы менен көпчүлүктү таң калтырып келет.

Шаарда учурда 2000 будда чиркөөсү бар.

2. Сучжоу, Китай

Бул шаарды көпчүлүк учурда “Чыгыш Венециясы” деп аташат. Анын бактары Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ал бактар кытайлыктар үчүн нукура сулуулуктун символу катары терең мааниге ээ.

1.Венеция, Италия

Эми биз Чыгыш Венециясынан чыныгы Венецияга баш багабыз. Бул жерде өз ара көпүрө аркылуу байланышып турган 118 кичи арал бар. Шаардын дагы бир өзгөчөлүгү - бул жерде унаалар дээрлик жокко эсе. Сууда сүзүүчү автобустар жана салттуу венеция кайыгы менен сиз каалаган дарегиңизге жете аласыз.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий