• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйшөмбүдө CASA-1000 жыйыны өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Дүйшөмбү шаарында Борбордук жана Түштүк Азияны бириктирүүчү электр түйүнү - CASA -1000 долбоорунун алкагында ага катышып жаткан өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.

Маалыматка караганда, жолугушууга Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Афганистандын президенти Ашраф Гани, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат.

Наваз Шариф 5-июлда эки күндүк расмий сапары менен Тажикстанга барды. Ашраф Гани менен Сооронбай Жээнбековдун тажик борборуна бүгүн барары күтүлүүдө.

6-июлда Дүйшөмбүдө Пакистан премьеринин Тажикстан жана Афганистан президенттери менен жолугушуусу пландалууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул үч тараптуу жолугушууда негизги көңүл саясий карым-катышка, экономикага, аймактык жана эл аралык коопсуздукка каршы коркунучтар менен биргелешип күрөшүү маселелерине бурулат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий