• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйшөмбүдө курдаштарын бычактап өлтүргөн өспүрүмдөр соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Дүйшөмбүнүн кичи райондорундагы бычакташуу боюнча күнөөлөнгөндөргө сот өкүмү чыкты.

Маалыматтарга караганда, Иброхим Ходжаев менен Сомон Шарифовдун өлүмү үчүн эки жигит күнөөлүү деп табылып, 10 жылдан эркинен ажыратылышты. Алар өспүрүмдөр болгондуктан ысымдары аталган жок. Соттогу өз булактар кабарлагандай, бычакташууга катышы бар башка төрт өспүрүм 5 жылдан түрмөгө кесилип, дагы экөө 5 миң сомониден айыппул төлөштү.

Бүгүн, 8-августта бул окуяга байланыштуу кармалган дагы эки жигиттин соту болот.

Эки жигиттин өмүрүн алган бычакташууга күбө болгон 20 балага алгач “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылган. Бирок кийинчерээк ата-энелердин жана жактоочулардын өтүнүчү менен бул иш кайра каралган.

Бычакташуу быйыл 2-январда болгон. Натыйжада 18 жана 19 жаштагы эки жигит каза тапкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий