• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйшөмбү Москвада кармалган үч мекендешинин тек-жайын аныктоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. Тажикстандын укук коргоо органдары Москвада теракт уюштурууга айыпталган үч жаранынын камалгандыгына байланыштуу текшерүү иштерин баштады. Алар 14-августта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали өлкөнүн укук коргоо органдары орусиялык кесиптештери менен бирге үч тажик жаранынын террористтик актыны даярдоого тиешеси бар-жогун текшерип жаткандыктарын билдирди.

«Тажик тарапка окуянын айрым чоо-жайы белгилүү болду, бирок тергөө жараянына тоскоолдук кылбоо үчүн азырынча комментарий бербейбиз», - деди ал.

Басма сөз катчынын айтымында, учурда кармалгандардын тек-жайы такталууда. Күн мурун орусиялык ММКлар Москванын Лефортов райондук соту теракт даярдоого шектелип кармалган үч тажик жаранын камакка алуу чечимин чыгарганын жазышкан

Пикир

Оставить комментарий