• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйшөмбү шаарында топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий