• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетти. Бул тууралуу ММБФнун басма сөз катчысы Махабат Мансурова билдирди.

Зилалиев билдиргеней, ал кайсыл гана жерде иштебесин ар дайым толук берилүү менен ачык-айкын иштегенге аракет кылган.

“Мен кайсыл жерде иштебейин ачык жана толук берилүү менен иштөөгө аракет кылып келем. Бирок жакында эч түшүнүксүз бомба тууралуу маалымат боюнча козголгон кылмыш иште менин атым аталууда. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, мага карата массалык жек көрүүчүлүк жана жаманатты кылуу болууда. Бул кырдаал албетте менин ар-намысым менен абийириме зыянын тийгизүүдө жана жалпысынан КР өкмөтүнө көлөкө түшүрөт”,-деп билдирет Зилалиев.

Ал өкмөттү жана премьер-министрдин атына сокку келтирүүгө укугум жок деп билдирди.

“Жаралган кырдаалга байланыштуу жана кылмыш иши аягына чыкканга чейин отставкага кетүү тууралуу арыз жазуу туура чечим болот деп ойлом. Рахмат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бардык мекендештерди келе жаткан Жаңы жылы куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакубаттуулук каалайм”,-деп билдирди Зилалиев.

Пикир

Оставить комментарий