• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш ишин тергөө аяктады – УКМК

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү, кийин ал сотто каралат.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча Зилалиевге карата кылмыш иши козголгон. Ал күнү Зилалиев укук коргоо орган кызматкерлеринин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат билдирген деп болжолдонууда. Бирок экс-вице-премьер бул маалыматты төгүндөөдө.

Пикир

Оставить комментарий