• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүкөн, кафе жана айрым көчөлөрдөгү жарыктандырууга чектөө киргизүү аргасыз чара — Улуттук энергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Электр энергияны туура пайдалануу маселеси ушул жылдын жай мезгилинен бери энергетиктер тарабынан көтөрүлүүдө. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Талайбек Байгазиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,295 млрд кубду түзүп, ал өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 млрд кубга аз.

undefined

“Ага карабастан калкка электр энергияны үзгүлтүксүз берүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн жарыкты импорттоо маселеси каралууда. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында электр жарыгын керектөө 30 млн кВт саатты түзөт. Анын 10 млн кВт сааты коңшу өлкөдөн импорттолгон. Бул чаралар Токтогул суу сактагычына сууну толтуруу үчүн аткарылууда”, - дейт ал.

Байгазиев күз-кыш мезгилинде абоненттер үчүн электр энергияны үзгүлтүксүз берүү максатында энергетиктер экинчи маанидеги көчөлөр, дүкөн, кафедеги көрнөк-жарнактардагы жарыкка чектөө киргизүүгө аргасыз болуп жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий