• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Дүкөнчүлөргө ККМ жана айып пулдар убактылуу токтотулду — Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Дүкөнчүлөргө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) жана өткөрүлбөгөн товарлар үчүн түзүлгөн айып пулдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМге каршы митингге чыккандардын алдында сүйлөп жатып билдирди.

“Патентти акылга сыярлык өлчөмдө төлөйбүз деп жатасыңар. Араңардан комитет түзгүлө, алар мени менен 10 күн чогуу иштесин. Силерге патент менен иштегенге шарт түзүү маселесин да ойлонуштуруп көрөлү. Туура көрсөңүздөр, азыр комитетке 10 киши кирсин. ККМ менен айып пулдарды токтотуп турабыз”, - деди ал.

Акылбек Жапаров эсеп фактураны дүкөнчүлөрдөн эмес, өндүрүүчүлөрдөн сурап жатканын маалымдады.

“Эгерде аракты чыгарган завод 12 фураны чыгарып, отчетко бирөөнү көрсөтүп коюп жатса, эмне кылам. Мага силер жардам бергиле”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июнда көзөмөл-кассалык машинага каршы болгон 200дөн ашык ишкер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан.

Пикир

Оставить комментарий